Ысык-Көлдө 35 млн долларга күн электр станциясы курулат

04.07.2023 | 20:05

Улуттук инвестиция агенттигинин директору Умбриэль Темиралиев кубаттуулугу 50 мегаватт болгон “Күн булагы” күн электр станциясынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагында ишке ашырылып жатат. Жалпы инвестициянын көлөмү 35 млн. доллардан ашат. Долбоорду “Күн Булагы” ЖЧКсы казакстандык “TGS-Energy Limited” компаниясы менен биргеликте ишке ашырууда.

Белгилей кентсек, долбоор Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия тармагында биринчилерден болуп саналат. Аны ишке ашыруу өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө жана ички керектөөнү жарым-жартылай жабууга жардам берет. Буга чейин аталган компания Тору-Айгыр айыл аймагынан жалпы аянты 80 гектар жер тилкесин алуу боюнча тендерди утуп алган.

“Бүгүнкү күндө инвестор долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭО) иштеп чыгып, “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКсынан алдын ала техникалык шарттарды алды. Ишкана инженердик-геологиялык жана инженердик-геодезиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Жакынкы аралыкта айыл чарбадагы жоготууларды жана алынбай калган пайданы төлөп, ошондой эле айыл өкмөтү менен келишим түзгөндөн кийин ишкана техникаларды алып келип, объектинин курулушун баштайт”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top