ИИМ Өндүрүш Токтонасыровго кайсы берене боюнча иш козголгонун айтты

ИИМ Өндүрүш Токтонасыровго кайсы берене боюнча иш козголгонун айтты

Ички иштер министрлиги Reporter.kg’ге укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров кайсы берене боюнча айып тагылып жатканын билдирди.

ИИМден билдиришкендей, Токтонасыров «Фейсбук» социалдык тармагындагы өзүнүн баракчасы аркылуу расалык, этностук, улуттук кастыкты козутууга багытталган материалдарды жарыялаган.

«Аталган маалымат ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан 2023-жылдын июнь айында катталып,  Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн  3-пункту менен адамдардын тобу тарабынан расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу менен кылмыш иши козголгон», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, 30-июнда укук коргоочу милиция тарабынан Тергөө кызматына алынып келип, андан кийин кое берилген. 1-июлда ал кайра суракта болгон.

Учурда тергөө  амалдары  уланууда.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров өзүнө ачылган кылмыш ишин соцтармактагы баракчасы аркылуу өлкөдө жана дүйнөдө болгон окуяларга оюн ачык билдирип келгени менен байланыштырып, саясий куугунтук катары баалап жатат.

Эскерте кетсек, 30-июнда болжол менен саат 21:00до белгисиз адамдар Өндүрүш Токтонасыровду Чүйдүн Лесное айылындагы үйүнөн ак жигулиге салып кеткен. Кийинчерээк алар милиция кызматкери экени, Токтонасыров ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, кайра кое берилгени белгилүү болгон.

Абдирасулова: Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров үйүнө кайтып келди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>