Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
Садыр Жапаров Монголияга сапар менен качан барары айтылды
06.07.2023 | 10:21
Президент Садыр Жапаров 9-11-июлда Монголияга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу Монголиянын Montsame агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Жапаров Монголияга өлкө президенти Ухнаагийн Хурелсухтун чакыруусу менен барат.
Сапардын алкагында Жапаров Монголиянын президенти, парламенттин төрагасы жана өкмөт башчы менен жолугушат. Жолугушууларда эки өлкөнүн алакасы, транспорт, логистика, айыл чарба, жеңил өнөр жай, туризм тармактарындагы кызматташуусу талкууланат.
Ошондой эле, Жапаров монголиялыктардын улуттук Наадам майрамынын ачылышына жана башка иш-чараларга катышат.
Эскерте кетсек, буга чейин Садыр Жапаров Монголияга сапар менен барары кабарланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом