УКМКнын «Чач» аттуу кримтөбөлдү кармаган видеосу

УКМКнын «Чач» аттуу кримтөбөлдү кармаган видеосу

Жалал-Абадда Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобундагы «Чач» каймана аты менен таанымал Э.М. (Эрнис Мурзахметов) кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 5-июлда шаардагы мейманканалардын биринен колго түшүрүлгөн. Ал ИИМде Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турат, буга чейин бир нече ирет кылмыш жообуна тартылган. 2013-жылы Москвадагы кыргыз диаспорасын караган адам болгон.

Белгилүү болгондой, ал Жалал-Абад шаарындагы соода базарлардын ээлерин коркутуп салык салып, акча өөнөгө аракет кылган деп шектелүүдө.

УКМК билдиргендей, Эрнис Мурзахметовду кармоо учурунда анын жанынан 10 грамм салмактагы гашишке окшош зат табылып алынган. Ал экспертизага жөнөтүлгөн. Ошондой эле, Эрнис Мурзахметов баңгизат колдонуп-колдонбогонун аныктоо үчүн экспресс-тест жасалып, анын жыйынтыгы баңгизат колдонгонун көрсөткөн.

Ал УКМКнын Жалал-Абададдагы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

УКМК шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, (03722) 5-60-49 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>