Чеченстанда журналист менен адвокат сабалды. Кадыров эмне дейт?

Чеченстанда журналист менен адвокат сабалды. Кадыров эмне дейт?

Чеченстанда «Новая газетанын» журналисти Елена Милашина менен адвокат Александр Немовго кол салуу боюнча Рамзан Кадыров биринчи жолу реакция жасады. Ал «кол салгандарды аныктоо үчүн бардык аракеттерди көрүүнү» тапшырганын айтты, деп жазат Forbes.

«Компетенттүү кызматтарга кол салгандарды аныктоо үчүн бардык аракеттерди көрүүнү тапшырдым. Бийлик окуя тууралуу кабар болгондон кийин дароо ишке киришти», — деп жазган Кадыров өзүнүн Telegram каналында.

4-июнда Грозныйда Милашина менен Немовго беткапчан адамдар кол салышкан. Немовдун Федералдык Юристтер палатасына билдиргенине караганда, 10-12дей адам юрист менен журналист бараткан таксини токтотуп, айдоочуну унаадан чыгарып, 150 метрдей айдап, Милашина менен Немовду унаадан сүйрөп чыгышкан. Немовдун айтымында, аларды тээп, бетине жана денесинин башка жерлерине «кандайдыр бир таяк менен» сабашкан. Адвокаттын бутуна бычак сайылган. Немов ошондой эле кол салгандар аларды атып салабыз деп коркутуп, башына мылтык такап, бардык жабдууларды алып кетишкенин айткан.

Милашина менен Немов оор абалда ооруканага жаткырылып, Беслан ооруканасына которулган. Немов бычактан жаракат алган жана көптөгөн сыныктары болгон. Милашинанын манжалары сынган, деп билдирди Түндүк Осетиядагы адам укуктары боюнча комиссары Тамерлан Цгоев.

Журналист бир нече жолу эсин жоготкон, ага баш мээнин жабык жаракаты деген диагноз коюлган, деп жазат «Новая газета». Милашина менен Немовду Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын коллегиясы Москвага жеткирүүнү пландап жатат, деп билдирди Цгоев.

Милашина менен Немов Грозныйга мурдагы федералдык судья Сайди Янгулбаевдин жубайы Зарема Мусаеванын сотуна катышуу үчүн барышканын «Новая газета» жазды. Немов сотко анын кызыкчылыгын коргогон адвокат катары келиши керек болчу.

Сот Мусаеваны милиция кызматкерине зомбулук көрсөтүү жана алдамчылык беренелери боюнча беш жарым жылга түзөтүү колониясына кескен. Мусаева күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>