Садыр Жапаров Монголияга сапар менен барат

Садыр Жапаров Монголияга сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Монголияга сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсухтун 30-майда болгон жолугушуусунда айтылды.

Маалыматка караганда, Жапаровдун Монголияга сапары июль айына белгиленип, монголиялыктардын улуттук Наадам майрамы болгон учурга туш келет.

Монголиянын президентинин айтымында, аталган сапар эки өлкөнүн саясий диалогун активдештирип, кызматташууну арттырууга түрткү берет.

Белгилей кетсек, аталган жолугушууда Кыргызстан менен Монголиянын кызматташтыгы талкууланып, Жээнбеков кыргыз тарап Монголия менен соода, экономика, коргонуу, коопсуздук, айыл чарба, жеңил өнөр жай, транспорт, логистика, маданият, билим берүү тармактарында кызматташууга кызыкдар экенин белгилеген.

Жээнбек Кулубаев Монголияга расмий сапар менен 29-майда барган. Кыргызстандын делегациясынын курамында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов бар.

Жээнбек Кулубаев Монголияга расмий сапар менен барды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>