Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
Бишкекте троллейбус катышкан жол кырсык катталды
06.07.2023 | 15:54
Бишкек шаарында троллейбус катышкан жол кырсык катталды. Бул тууралуу маалыматты Бишкек троллейбус башкармалыгынын муниципалдык ишканасы тастыктады.
Маалыматка караганда, 5-июль күнү саат 17:45те №10 троллейбустун айдоочусу Д.Т. Абдрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде “Лексус” үлгүсүндөгү унаа менен жол кырсыгына кабылган.
Жеңил унаа троллейбусту сол капталынан сүзүп алган. Бирок кырсыктан жүргүнчүлөрдүн эч кимиси жабыркаган эмес.
Окуя болгон жерге дароо муниципалдык ишкананын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн адистери жетип, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын инспекторлору чакырылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом