УКМК Адахан Мадумаровдун тарапташтарын кармады (видео)

УКМК Адахан Мадумаровдун тарапташтарын кармады (видео)

УКМК тарабынан мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө өлкөдө массалык нааразылык акцияларын жана ири толкундоолор, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдыктарды жүргүзгөн “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин бети ачылып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык баш аламандыкка чакыруу”) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 6-июлда УКМК тарабынан “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкекте 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын партиялык материалдарынан тышкары бул партиянын мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталары жана реквизиттери алынды. Мындан тышкары, тинтүүлөрдүн натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынды.

Маалымат үчүн: Кармалган материалдарда төмөнкүдөй кайрылуулар болгон: «Ансыз деле төңкөрүш керек». «Революция болсо токтойт баардык иш. 2 жылдан бери айтып келе жатам. Бул бийлик сөздү түшүнбөй. Муштумду түшүнөт. Буларды уруп же жок кылып токтотосуздар. Революция болот по любому. Бараарда революцияга башынарды кылычка сайып барыныздар»; «Барыныздар Кастет, дубинка, Сухой пайок алып алыныздар, дубинка алып ал. Милиция же кара кепкачанды корсон эле башка чап дароо ойлонбой»; «дубинка, Коктейл молотовго алып алгыла, керек болот. Баарын оптом орттоп салгылачы кулун асманга сапырып. Болду артка жол жок согушса согушабыз акмактар адырандаган сарт менен уйгур зектер».

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын З.У.А. жана Т.И.М. аттуу активдүү жактоочулары Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97беренесинин негизинде УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу  жайына киргизилди. Калган кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

“А.Мадумаровдун тарапташтарынын, анын ичинде З.У.А. жана Т.И.М.дин аракеттери “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын борбордук штабы тарабынан координацияланып турган, тактап айтканда, “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын катчылыгынын кызматкерлери тарабынан А.Мадумаровдун жер-жерлерде тарапташтары менен туруктуу байланышта болуп, мобилдик тиркемелерде, мессенджерлерде жана социалдык тармактарда “тайпаларды” түзүү аркылуу тыкыс байланышта болуп, массалык баш аламандыкка даярдык көрүү менен байланышкан нааразылык акцияларын уюштурууда партиянын катардагы мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу үчүн деструктивдүү таасир берип турушкан”, — деп айтылат маалыматта.

УКМК органдары тарабынан коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>