Акыйкатчынын орун басары ЕККУнун өкүлү менен жолугушту

Акыйкатчынын орун басары ЕККУнун өкүлү менен жолугушту

Акыйкатчынын орун басары Шухрат Айтиев Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) эркиндигинин маселелери боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда жарандардын сөз эркиндиги жана өз пикирин эркин билдирүү укуктары талкууланган.

«Тараптар жарандардын сөз эркиндигин коргоо боюнча жалпы таанылган нормаларды сактоонун маанилүү экендиги жөнүндө пикир алышты», — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тереза Рибейро ЕККУ Кыргызстанда «Журналисттердин коопсуздугу» деп аталган долбоорду ишке киргизүүнү пландап жатканын билдирген.

«Долбоор боюнча Бириккен улуттар уюмуна мүчө болгон мамлекеттерге журналисттердин коопсуздугу боюнча механизмдерди сунуштоо пландалууда. Ошондой эле журналисттердин маалыматка жетүү боюнча көйгөйлөрү бар экенин белгилеп кетүү керек. Мамлекеттик органдар журналисттерге расмий маалыматты берүүдөн баш тарткан учурлар бар», — деген Тереза Рибейро.

Тараптар маалыматка жетүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн коопсуздугун жана укуктарын камсыздоонун маанилүү экендиги жөнүндө өз ара макулдашууга жетишкен.

Айтиев Акыйкатчы институту мандатына ылайык, журналисттердин укуктары менен коопсуздугунун сакталышын колдой турганын баса белгилеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>