Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Стамбулдан табылган Жазгүл Кыргызстанга кайтып келди
06.07.2023 | 23:09
Кыргызстандык Жазгүл Шамуратова апасы менен 5-июлда мекенине кайтып келгенин Стамбулдагы башкы консулдук билдирди.
Буга чейин Жазгүл Шамуратова Түркияда дайынсыз жоголгону тууралуу кабарланган. Ал Болгарияга кетүү үчүн Кыргызстандан Стамбулга 22-июнда учуп барып, 25-июнда тарта дайынсыз болгон.
ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгы Түркия ИИМдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликтеги аракеттеринин жыйынтыгында 5-июлда Стамбул шаарында 20 жаштагы Жазгүл Шамуратованы табышкан.
Стамбулда жоголгон кыргызстандык Жазгүл дүкөнчүдөн жардам сураган
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом