Бишкекте 9,6 млн сомдук жаңы вакцина кампасы ачылдыКыргызстандык ветеринарлар «Веттория» эл аралык сыйлыгына арыз бере алышатЧек арасыз сүйүү жана айыл юмору: «Тентек кыз» комедиясы прокатка чыгуудаБишкектин үч конушунда 20-ноябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтБишкекте 20-21-ноябрда таштандыларды массалык түрдө чыгаруу акциясы өтөтКыргызстанда курьер-аялдарды колдоо программасы иштей баштады
Бишкектин борбордук бөлүгүндө эки күн суу болбойт
07.07.2023 | 08:50
Бишкектин борбордук бөлүгүндө эки күн суу болбойт.
Мэриядан билдиришкендей, 11-июль саат 08:00дөн 13-июль саат 08:00гө чейин Фрунзе – Аламүдүн дарыясы – темир жол линиясы – Панфилов көчөсү менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.
Суу берүү алдыдагы күз-кыш мезгилине байланыштуу Көк-Жар суу алгычында профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу токтотулмакчы. Иш-чара таза суу системасын келерки сезонго даярдоого, шаардын бардык тургундарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну белгиленген мөөнөткө чейин камдап алууну суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом