Видео: Эки депутат мандаттан кол үздү. Алардын ордуна ким келет?

Видео: Эки депутат мандаттан кол үздү. Алардын ордуна ким келет?

Жогорку Кеңештин эки депутаты мандаттан ажыратылды. Алардын ордуна кимдер келиши мүмкүн?

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык, депутаттар Фарходбек Алимжанов менен Фархат Исмаилов эл өкүлү наамынан кол үздү. Ага жасалма диплом маселеси себеп болду. Белгилүү болгондой, Билим берүү министрлиги эки депутат дипломду мыйзамсыз алганын аныктаган.

Эске салсак, 2021-жылкы шайлоодо Фархат Исмаилов «Ата-Журт Кыргызстан», ал эми Фарходбек Алимжанов «Альянс» партиясынан депутат болгон.

Мандатынан ажыратылган эки депутат БШКнын чечими боюнча сотко кайрыла алышат. Эми бул ишке чекитти сот коет.

Ал арада мандаттан кол үзгөн эки депутаттын ордуна кимдер эл өкүлү болушу мүмкүн деген маселе жаралды. Талапкерлердин партиялык тизмесинде «Ата-Журт Кыргызстандан» кийинки орунда Канатбек Маматов, ал эми «Альянстыкынан» Элдар Абакиров турат. Аталган эки талапкер Жогорку Кеңешке депутат болуп келиши мүмкүн.

Элдар Абакиров мурда экономика министринин орун басары кызматын аркалаган. Ал эми Канатбек Маматов буга чейин Кыргыз футбол бирикмесинин президенти болгон.

БШК Жогорку Кеңештин эки депутатын мандатынан ажыратты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>