Кытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашатКыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалдыМанас шаарына жаңы «Манас» стеласы орнотулдуАла-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулат
Караколдо эки наристе кыз дайынсыз болууда
07.07.2023 | 09:05
Каракол шаарында эки наристе кыз изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-июлда Каракол шаарында Чкалов №65 көчөсүндө 5 жаштагы Н.Р. жана 2 жаштагы Н.Р. аттуу кыздар саат 15:00 чамаларында ойноп жүрүп, дайынсыз жоголуп кеткен. Бул тууралуу маалымат түшкөндөн бери издөө тынымсыз уланууда.
Кыздарды издөөгө Каракол шаардык №15 өзгөчө кырдаал бөлүмүнөн 5 куткаруучу, Шаардык ички иштер бөлүмүнөн 60 кызматкер, ӨКМДин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан 10 кызматкер тартылды.
Издөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом