КРде жалгыз бой ата-энелердин иш күнүн 1 саатка кыскартуу сунушталдыБишкекте 9,6 млн сомдук жаңы вакцина кампасы ачылдыКыргызстандык ветеринарлар «Веттория» эл аралык сыйлыгына арыз бере алышатЧек арасыз сүйүү жана айыл юмору: «Тентек кыз» комедиясы прокатка чыгуудаБишкектин үч конушунда 20-ноябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтБишкекте 20-21-ноябрда таштандыларды массалык түрдө чыгаруу акциясы өтөт
Караколдо эки наристе кыз дайынсыз болууда
07.07.2023 | 09:05
Каракол шаарында эки наристе кыз изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-июлда Каракол шаарында Чкалов №65 көчөсүндө 5 жаштагы Н.Р. жана 2 жаштагы Н.Р. аттуу кыздар саат 15:00 чамаларында ойноп жүрүп, дайынсыз жоголуп кеткен. Бул тууралуу маалымат түшкөндөн бери издөө тынымсыз уланууда.
Кыздарды издөөгө Каракол шаардык №15 өзгөчө кырдаал бөлүмүнөн 5 куткаруучу, Шаардык ички иштер бөлүмүнөн 60 кызматкер, ӨКМДин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан 10 кызматкер тартылды.
Издөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом