Бир күндө төрт адам сууга чөгүп, үчөөнүн сөөгү табылды

Бир күндө төрт адам сууга чөгүп, үчөөнүн сөөгү табылды

Кыргызстанда 6-июлда жалпысынан 4 сууга чөгүү катталды. Анын ичинен 3 адамдын сөөгү табылып, 1 адамды учурда издөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Люксембург айылынын Ленин көчөсүндө каналдын суу бөлүштүрүүчү түйүнүндө 9 жаштагы С.Б. аттуу эркек баланын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн. Бул аймакка 4 куткаруучу тартылып, баланын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Мындан сырткары Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылында 21 жаштагы уландын көлгө чөгүп кеткендигин маалымдашкан. Аны издөөгө 4 куткаруучу, Жети-Өгүз районунан 2 куткаруучу, ИИБден 2 кызматкер жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган. Куткаруучулар 21 жаштагы уландын сөөгүн таап, ИИБнин кызматкерлерине беришкен.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болжол менен 35 жаштагы эркек киши көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Кырсык катталган жерге саат 17:19да Ысык-Көл райондук бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылган. Анын сөөгү 18:32де куткаруучулар тарабынан табылган.

Ал эми Чоң-Чүй Каналына түшүп кеткен 20 жаштагы К.М. аттуу жигитти издөөгө саат 08:47де жалпы 12 куткаруучу тартылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>