Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Караколдо дайынсыз болуп жаткан эки наристенин сөөгү табылды
07.07.2023 | 10:12
Бүгүн, 7-июлда саат 08:50дө Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы сугат каналынан 2 кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-июль күнү Каракол шаарында 5 жаштагы Н.Р. жана 2 жаштагы Н. Р. аттуу кыздар саат 15:00 чамаларында ойноп жүрүп, дайынсыз жоголгону маалымдалгандан бери издөө тынымсыз жүргөн.
Кыздарды издөөгө Каракол шаардык бөлүмүнөн 5 куткаруучу, шаардык ички иштер бөлүмүнөн 60 кызматкер, ӨКМДин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан 10 кызматкер тартылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом