Үч адам ишкерди Чүйдөн Ошко уурдап кетип, акча опузалаган. Чоо-жайы

Үч адам ишкерди Чүйдөн Ошко уурдап кетип, акча опузалаган. Чоо-жайы

Өздөрүн күч түзүмдөрүнүн биринин кызматкерлери катары тааныштырып, ишкерди уурдап кеткен үч жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-июнда Сокулук райондук милицияга Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ошол эле күнү кечинде Сокулук айылында белгисиз адамдар анын 46 жаштагы тууганын күч колдонуп BMW X-5 унаасына салып, белгисиз тарапка алып кеткенин билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Туугандары уурдалган жаран ишкерлик менен алектенип жүргөнүн билдиришкен.

Маалыматка ылайык, белгисиз бирөөлөр көчөдө келе жаткан арыздануучунун тууганына өздөрүн күч түзүмдөрүнүн биринин кызматкери катары тааныштырышып, алдоо жолу менен унаага салып кетишкен.

«Туугандары бир нерседен шектенип, милицияга кайрылышкан. Адам уурдоого катышкан адамдардын жашаган жерин аныктоо максатында бир катар комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Тергөө иштерине ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери да тартылган.

Видеобайкоо камераларынын жардамы менен унаанын мамлекеттик номуру аныкталган. Маалым болгондой,  бул чет элдик унаа бир жума мурда башка адамдарга сатылып кеткен», — деп билдирет ИИМ.

Издөө иштеринин жүрүшүндө милиция шектүүлөр Ош тарапка кеткенин аныкташкан. Буга байланыштуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерин тез арада Ош облусуна жөнөтүү иштери жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн унаанын изине түшүүгө үлгүрүшкөн.

«Милиция кызматкерлерине шектүүлөрдүн жүргөн жерин тактоо үчүн бир күнгө жакын убакыт кетип, алар Ноокат районунун аймагынан табылган. БМВ Х-5 унаасын издөө багыттамасы ички иштер органдарынын бардык аймактык бөлүмдөрүнө берилген. Жергиликтүү милиция кызматкерлери конуштардын биринен шектүү унааны байкашкан. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Сокулук районунун 46 жаштагы жашоочусун табууга мүмкүн болгон. Шектүүлөр жана уурдалган жаран турган үйгө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын жана башка бөлүмдөрдүн кызматкерлери киришкен. Алынган маалыматка караганда, ишкерди уурдоо акча каражатын талап кылуу максатында уюштурулган», — деп айтылат маалыматта

Кылмышка шектүү катары 32 жаштагы А.Б., 23 жаштагы К.А. уулу жана Ш.Б. уулу кармалган. Бардыгы Ноокат районунда туулуп өскөн Бишкек шаарынын тургундары болушат.

«Кылмыштын бетин ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын, Ноокат райондук ИИБнин, Чүй облустук ИИББнин жана Сокулук райондук ИИБнин кызматкерлеринин биргелешкен аракеттери менен ачылган», — деп билдирет министрлик.

Соттун чечими менен шектүүлөр эки айлык мөөнөткө камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>