Кыргызстандыктар Японияда жаңы статус менен иштей алышат

Кыргызстандыктар Японияда жаңы статус менен иштей алышат

Кыргызстандыктар Японияда “белгилүү көндүмдөрү бар кызматкер” статусу менен иштей алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Тиешелүү меморандумга Япониянын Юстиция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо, эмгек, бакубатчылык министрлиги, Япониянын Улуттук полиция агенттиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен кол коюлду.

Документ “белгилүү көндүмдөргө ээ кызматкер” статусу менен чет элдик эмгек ресурстарына тиешелүү системанын талаптагыдай иштешин аныктайт. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын жарандары «техникалык стажер» категориясында гана иштей алышкан. Меморандумдун түзүлүшү Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы мамилени бекемдеп, аны өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгарат.

«Бүгүнкү күндө президент Садыр Жапаровдун чет өлкөдө ишке орношуу үчүн коопсуз шарттарды түзүү жөнүндөгү жарлыгынын алкагында министрлик тарабынан аймакты кеңейтүү гана эмес, мекендештерибизге да татыктуу шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул кепилденген татыктуу эмгек акыга, социалдык пакетке жана кадимки жашоо шарттарына да тиешелүү. Чет өлкөдө жумушка орношуу ар кандай тармактарда иш тажрыйбасын топтоо принцибинин негизинде түзүлөт. Андан кийин алынган көндүмдөрдү жана каражатты өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө жумшашыбыз керек», — деди Базарбаев.

Министрдин айтымында, «белгилүү көндүмдөргө ээ кызматкер» статусу кыргызстандыктардын Японияда мыйзамдуу түрдө жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

Меморандум тышкы эмгек рыногун диверсификациялоого, миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө мүмкүндүк берет, ошондой эле тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндө кеңири жана эркин өз ара маалымат алмашуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

ТИМдин маалыматы боюнча, Японияда жүргөн Кыргызстандын жарандарынын болжолдуу саны 670ке жакын адамды түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>