Кыргызстан менен ЮНИСЕФ өлкөдөгү балдардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш планды бекитишти2026-жылы Кыргызстанда 20 миңден ашык үй-бүлө МИК аркылуу турак жай менен камсыз болотОрто-Токой суу сактагычына 1,2 млн балык чабагы коё берилдиМыйзамсыз курулуп жаткан: Манаста 14 кабаттуу имараттын курулушу токтотулдуКыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү 880 млрд сомго жетти — ЕӨБТатарстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жаран каза болду
Алгач аты табылган. Ат-Башыда 21 жаштагы жигиттин сөөгү табылды
11.07.2023 | 09:04
Нарында дайынсыз болуп жаткан жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгынын Ак-Моюн айылындагы суу көзөмөлдөөчү мурап Өмкө каналында адамдын сөөгү жатканын кабарлаган.
11-июлда саат 18:09да куткаруучулар 21 жаштагы Э. уулу А. жигиттин сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Белгилей кетсек, аталган тургун 7-июлда Ак-Сай өрөөнүнө кеткен. Анын аты Ача тилкесинен табылып, өзү дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн. Жоголгон адамды издөөгө жалпысынан 12 чыгышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом