Үч эмге 50 миң сомдон берилет. “Балага сүйүнчү” алуунун жол-жобосу

Үч эмге 50 миң сомдон берилет. “Балага сүйүнчү” алуунун жол-жобосу

Кыргызстанда “балага сүйүнчү” жөлөк пулунун өлчөмү ар бир балага 4000 сомду түзөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда, “балага сүйүнчү” ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөнөт.

Жөлөк пулду алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна жана жарандык абал актыларын каттоо органдарына арыз калтыруу шарт. Арыз бала төрөлгөн күндөн баштап алты ай ичинде тапшырылышы керек. Ушул мөөнөттөн кеч кайрылган учурда “балага сүйүнчү” чектелбейт.

Арызды ким берсе болот?

— бала менен жашаган ата-энесинин бири;

— бала менен жашаган камкорчу;

— бала менен жашаган асырап алган адам;

— ишеним каттын негизинде ишенимдүү адам.

“Балага сүйүнчү” кимдерге чектелет? 

Кыргызстанда жашап жаткан адамдарга;

— Кыргызстандын жарандарына;

— кайрылман күбөлүгү бар этникалык кыргыздарга;

— балдары бар үй–бүлөлөргө социалдык жөлөкпулду, компенсациялык төлөмдөрдү жана алименттерди берүү чөйрөсүндөгү жарандардын кепилденген укуктарды жөнүндө Макулдашуунун катышуучу–мамлекеттин чет өлкөлүк жарандарга: Россия, Молдова, Тажикистан, Армения, Украина, Казакстан, Беларуссия, Өзбекистан.

Кайсы документтерди тапшыруу керек?

— арыз ээсинин паспорту; Эгерде арызды камкорчу же ишенимдүү адам тапшырса, анда кошумча документ талап кылынат:

— камкорчу үчүн – балага камкорчу дайындоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;

— ишенимдүү адам үчүн – жарандык мыйзамдарга ылайык таризделген ишеним кат;

Зарыл болгон учурда:

— кайрылмандын күбөлүгүнүн көчүрмөсү (кайрылмандар үчүн);

— баланын ата-энесинин жашап туруу укугунун көчүрмөсү (чет өлкөлөрдүн жарандар үчүн).

Каражат арыз берилген күндөн 2 иш күндүн ичинде банктык эсепке түшөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>