Улан-Батордо Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылды

Улан-Батордо Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылды

Улан-Батордо Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылды

Бүгүн, 11-июлда, Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы Элчилигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, дипломатиялык миссиянын ачылышы президент Садыр Жапаровдун 9-11-июлда Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.

Буга чейин мамлекет башчысы Айбек Артыкбаевди өзүнүн жарлыгы менен Кыргызстандын аталган өлкөдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындаган.

Салтанатка Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын элчиси Айбек Артыкбаев, Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>