Бишкек – Ош унаа жолуна жаңы тоннель курулатЖогорку Кеңеште күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин пенсиясын жогорулатуу маселеси көтөрүлдүОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө миң түп дарак отургузулдуЖогорку Кеңеште жаңы депутат пайда болдуКыргызстанда беш жылдын ичинде электр энергиясын керектөө 25%дан ашык өстүКыргызстанда жумуртка, өсүмдүк майы жана сүт арзандады — Айыл чарба министрлиги
Айсулуу Тыныбекова Венгриядагы рейтингдик мелдеште алтын утту
15.07.2023 | 10:32
Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өтүп жаткан эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/16 финалынан баштап катышты. Кыргыз балбаны катары менен 4 жеңишке жетип, алтын үчүн кармашта болгариялык спортчу Биляна Дудова менен кез келип, жеңишти 2:1 эсебинде илип кетти.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрү Венгриянын Будапешт шаарында 13-16-июль күндөрү өтүп жаткан “Polyak Imre & Varga Janos Memorial” эл аралык рейтингдик мелдешине катышууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт