Ушул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталдыСадыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктадыИюль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайы
Бүгүн абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуу башталды
17.07.2023 | 11:35
Бүгүн, 17-июлда абитуриенттерди Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz аркылуу тапшырат.
Жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт.
– I тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин;
– II тур – 24-июль саат 8:00дөн 26-июль саат 14:00гө чейин;
– III тур – 31-июль саат 8:00дөн 2-август саат 14:00гө чейин;
– IV тур – 7-август саат 8:00дөн 9-август саат 14:00гө чейин.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом