УКМК «Фейсбук» колдонуучусун кармады. Ал эмнеге шектелүүдө?

УКМК «Фейсбук» колдонуучусун кармады. Ал эмнеге шектелүүдө?

«Фейсбукта» жазган посттору үчүн Бишкек шаарынын А.Ч. аттуу тургуну улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКнын маалыматы боюнча, «Фуйсбукта» чагымчыл аккаунт аныкталып, анда өлкөнүн жарандарынын арасында кастыкты козуткан ар кандай материалдар системалуу түрдө жарыяланып турган.

«Бул аккаунт Бишкек шаарынын тургуну А.Ч. аттуу жаранга тиешелүү экени аныкталды. Ал мурда да бир нече жолу улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасап, алар үчүн сот органдары тарабынан 5 суткага административдик камакка алынган, бирок көрүлгөн чараларга карабастан, өзүнүн мыйзамсыз иштерин уланткан», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, А.Ч.нын «Фейсбукка» жазган посттору боюнча соттук-лингвистикалык экспертиза жүргүзүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгы анын жазгандарында улуттар аралык кастыктын, ошондой эле, жарандардын улуту боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун белгилери бар экенин көрсөткөн.

Бул фактыга байланыштуу 12-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (расалык, этностук, улуттук жана диний аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган жаран 14-июлда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

УКМК кылмыш ишинин алкагында зарыл болгон комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирди.

«Фейсбуктагы» посту үчүн улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген жаран Аскар Чекилов аттуу шаар тургуну экени белгилүү. Ал «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу бийликти, анын ичинде президентке сын айтып жүргөнү маалым. Мындан үч күн мурда ал өз баракчасына УКМК суракка чакырганын билдирип, пост калтырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>