Бишкек мэриясы “Менин шаарым” тиркемесин ишке киргизди

Бишкек мэриясы “Менин шаарым” тиркемесин ишке киргизди

Бишкек шаарынын мэриясы “Менин шаарым” мобилдик тиркемесин ишке киргизди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча автоматташтырылган маалымат системасы. Бул үчүн жарандар «Менин шаарым» мобилдик тиркемесин жүктөп алышы керек, анткени ал аркылуу турак-жай, коммуналдык чарба жана шаарды көрктөндүрүүнүн бардык маселелери боюнча арызын жөнөтүү оңой жана жөнөкөй болот.

Мобилдик тиркеменин негизги милдети — көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу.

«Менин шаарым» тиркемесин колдонуу эффективдүүлүктү жогорулатып, жарандардын кайрылууларына жооп берүү процессин тездетет.

“Кабыл алынган арыз дароо Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматына жөнөтүлөт жана арыз ээси реалдуу убакыт режиминде конкреттүү кызмат тарабынан арыздын аткарылышын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Арызга жооп 3 күндүн ичинде  жөнөтүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, бул мобилдик тиркеменин жаңычылдыктарынын бири коомдук транспорттун (автобустар, троллейбустар жана маршруттук таксилер) кыймылын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>