КР Саламаттык сактоо министрлиги реанимация кызматын өнүктүрүү пландарын белгиледиЖибек-Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы унаалар үчүн ачылатКыргызстанда таттуу суусундуктарга жана туздуу азыктарга акциздик салыкты жогорулатуу сунушталуудаКыргызстандан мал ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды10-март: Жаан, кар жаайтАйдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды
Ошто 21 жаштагы келин үч эм төрөдү
25.07.2023 | 14:44
Ош шаарында 21 жаштагы келин үч эм төрөдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, алар 22-июлда жарык дүйнөгө келген.
“Ош шаарындагы Перинаталдык борбордо кесарево жолу менен үч эм – эки уул жана бир кыз төрөлдү.Биринчи наристе (эркек) 1 200 грамм салмакта, экинчи наристенин (кыз) салмагы 1 350 грамм, үчүнчү наристенин (эркек) салмагы 1 280 грамм болуп төрөлгөн”, – деп билдирет министрлик.
21 жаштагы келин Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну болот. Бул анын биринчи төрөтү. Төрөт мөөнөтүнөн эрте, 30-жумада болгон.
Ош шаарынын саламаттыкты сактоо координатору Эрмек Нурунбетовдун маалыматы боюнча, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы туруктуу жана алар үйлөрүнө чыгарылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом