Март айынан бери 1800 айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды

Март айынан бери 1800 айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды

Ушул жылдын март айынан бери 1800дөн ашуун айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

«2023-жылдын 8-мартынан тартып, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга карата жоопкерчилик күчөтүлүп, унаа башкаруу укугунан ажыратуу беренеси киргизилген. Ошол себептүү талдоо көрсөтүп тургандай, мас абалында унаа башкаргандардын саны 17 пайызга азайып, айдоочулардын жоопкерчилиги жогорулап жаткандыгы байкалууда», — деп билдирет башкы башкармалык.

8-марттан тартып, бүгүнкү күнгө чейин 1800дөн ашуун айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн, унаа башкаруу укугунан ажыратылган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы мындан ары да, айдоочулардын мас абалында унаа башкаруусуна жол бербөө иретинде рейддик иш-чараларды күчөтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>