Кыргызстан менен Венгриянын ТИМ башчылары жолукту

Кыргызстан менен Венгриянын ТИМ башчылары жолукту

Кечээ, 24-июлда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин жана Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун төрагалыгы алдында эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 3-отуруму болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрлектен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө президент Садыр Жапаровдун быйыл 12-14-февралда Венгрияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселеси каралган. Тараптар 2023-жылдын аягына чейин жана 2024-жылы Кыргызстан менен Венгриянын жетекчилигинин деңгээлинде өз ара сапарларды уюштуруу маселесин талкуулашкан.

«Кыргызстан менен Венгриянын тышкы иштер министрлери соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерине, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө токтолушту. Тараптар Өнүктүрүү фондунун алкагында өз ара кызыгууну жараткан долбоорлорду тез арада ишке киргизүүнүн жана натыйжалуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын, кыргыз-венгер Ишкерлер кеңешинин иши каралды. Бул форматтардын алкагында кезектеги жолугушууларды өткөрүү пландары белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Тараптар айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу маселелерин караган.

«Стратегиялык Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө маданий-гуманитардык, өзгөчө билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелери да каралды. Тараптар Венгриянын «Stipendium Hungaricum» стипендиялык программасы аркылуу мындан ары өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Анын алкагында Кыргызстанга жыл сайын Венгриянын ЖОЖдорунда билим алуу үчүн квоталар бөлүнөт. Ошондой эле, 2023-жылдын 13-14-февралында Будапешт шаарында Кыргызстан жана Венгриянын алдыңкы университеттеринин катышуусунда өткөн Биринчи кыргыз-венгер ректорлор конференциясынын жыйынтыктары оң бааланып, бул багытта кызматташууну бекемдөө боюнча макулдашууларга жетишилди», — деп билдирет министрлик.

Ошондой эле, эл аралык уюмдардын – Европа биримдигинин, Түрк мамлекеттер уюмунун жана башка уюмдардын алкагында кызматташуу, эл аралык жана аймактык күн тартиптеги актуалдуу маселелер талкууланган.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин 3-жыйынынын жыйынтыгы боюнча протокол.
  2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Венгриянын Энергетика министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>