Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган көргөзмө өтөтКоомдук тамактануучу жайларда тейлөө үчүн кошумча акы алууга тыюу салындыКыргызстан айыл чарбага спутниктик технологияларды киргизүүдөБакыт Төрөбаев: Айылдарда ичүүчү суу көйгөйүн чечүү үчүн 1,2 млрд доллар инвестиция керекТөлөп беребиз деп убадалап, дайынсыз жоголушкан: Чүй облусунда алдамчылык фактысы аныкталдыЭквадордо теракт болду. Унаа жарылып, бир адам каза болуп, экөө жаракат алды
Кыргыстандын Дүйнө чемпионатынын тандоо турундагы атаандаштары
27.07.2023 | 15:20
2026-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын 2-раундунун жана 2027-жылы боло турган Азия кубогунун тандап алуу оюндарындагы Кыргызстандын курамасынын атаандаштары белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти.
Куала-Лумпур шаарында Азия футбол конфедерациясынын баш кеңсесинде чүчү кулак тартылып, Кыргызстандын курамасы «D» тайпасына жайгашкан. Тайпада 4 команда бар:
- Оман,
- Кыргызстан,
- Малайзия
- Тайбэй менен Чыгыш Тимордун курамаларынын ортосундагы беттештин жеңүүчүсү тайпага кошулат
Белгилей кетсек, Дүйнө чемпионаты менен Азия кубогуна тандоо оюндары бир өткөрүлөт. Өз тайпасында алдыңкы эки орунду ээлеген курамалар Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын 3-айлампасына чыгат жана 2027-жылы өтө турган Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз