Бишкекте үч адамдын өлтүрүлүшү боюнча соттук иш жылдырылды

Бишкекте үч адамдын өлтүрүлүшү боюнча соттук иш жылдырылды

Бүгүн, 27-июлда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Ашыралиевдин ишин кароо улантылды.

Бирок соттук отурумга күбөлөр келбегендиктен процесс 3-августка жылдырылды. Прокурор кийинки соттук отурумга күбөлөрдү мажбурлап алып келүү боюнча өтүнүч келтирди.

Бул иш боюнча жалпы 16 күбө бар. Алардын бешөө сотто көрсөтмө берген. Калган 11 күбө алдыңкы процесстерде суралат.

Белгилей кетсек, экинчи соттук отурум 26-июлда өткөн. Анда маркум аялдын апасы көрсөтмө берген.

Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял, уул-кызы (51 жаштагы аял, 2005-жылы туулган кыз жана 2014-жылы туулган бала) менен киши колдуу болгон.

Кылмышка шектүү делип ЖК депутаттыгына талапкер болгон, УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган.

Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, алар 2014-жылы уулдуу болушкан. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүрүүгө шектелүүдө. Кийинчерээк бул окуянын видеосу соцтармакка тараган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>