БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Быйыл Нарында 800 жаңы жумуш орундары түзүлөт
28.07.2023 | 20:30
Нарын облусунда жыл аягына чейин 800 жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов коллегияда билдирди.
Маалыматка ылайык, “Солтон-Сары” алтын кени ишке киргенден кийин 314 адам жумуш менен камсыз болсо, анын 216 жумушчусу жергиликтүү тургундар.
Ошондой эле, Куланак ГЭСинин курулушу кызуу уланып жатканы белгиленди. Кочкор районунда “Ренессанс” бут кийим фабрикасы, Жумгал районунда “Жумгал суу курулуш” ишканасы жана Нарында кирпич заводу иштей баштады.
Бул ишканалар жаңы жумуш орундарын түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом