Сокулукта көчөдөгү адамдарды сабагандар кармалды (видео)

Сокулукта көчөдөгү адамдарды сабагандар кармалды (видео)

Чүйдүн Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айылында көчөдө бараткан адамдардарга кол салып, унааларды талкалоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-июлга караган түнү Төмөнкү Чүй айылында топ балдар көчөдө бараткан нече жаранды эч себепсиз сабап, эки унаага зыян келтиришкен. Бул окуя боюнча алар Сокулук районунун милициясына кайрылышкан.

«Аталган факт Сокулук районунун ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги ишти көзөмөлгө алган», — деп айтылат маалыматта.

Милициядан белгилешкендей, учурда бул окуяга тиешеси бар адамдардын бардыгы аныкталып, алты адам райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>