ИИМ: 63 жетекчиге тартиптик жаза берилди

ИИМ: 63 жетекчиге тартиптик жаза берилди

Кызматтык милдеттерди аткарууда кетирилген кемчиликтери үчүн милициянын жетекчилерине тартип жазалары берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 28-июлда ИИМдин жыйындар залында  ички иштер органдарынын 2023-жылдын 6 айындагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү.

«Коллегиянын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн алты айдын жыйынтыгы менен 137 кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилди. Алардын ичинен 63ү жетекчилик курамда иштеген кызматкерлер болуп эсептелет. Коллегиянын чечимдерине ылайык айрымдары мурдагы берилген жазалар менен чектелди, айрым жетекчилердин иши тогуз айдын жыйынтыгы менен өтө турган отурумда карала тургандыгы белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү жыйындын чечиминин аткарылышын көзөмөлгө алуу ИИМдин Башкы штабына жүктөлүп, ага өзгөчө көңүл буруу тапшырылган.

«Коллегиянын бардык кабыл алынган чечимдери жана сунуштары толугу менен турмушка ашышы керектиги белгиленди. Кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо, жарандардын кайрылууларына ыкчам жана мыйзам чегинде жооп берүү, кылмыш бетин ачуу жана аны сапаттуу тергөө, өспүрүмдөр арасындагы ар кандай укук бузуулардын алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү, жол коопсуздугун сактоо багытында кескин чараларды көрүү, коомдук тартипти сактоодо заманбап технологияларды толук ишке киргизүү жана ички тартипти чыңдоо багытында тынымсыз иш жүргүзүү боюнча тапшырмалар коюлду», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>