Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу эки тараптуу ачылдыМинистрлик: Быйыл түшүмдүүлүк салыштырмалуу төмөндөдүМектепке кошумча квоталарга каттоо ачылдыКафе-ресторандардагы тейлөө акысын алып салуу сунушталдыБыйыл Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүү өстүКыргызстанда күйүүчү май кымбатташы мүмкүн экендиги айтылды
Диплом чыры: Сот БШКнын эки депутатты мандатынан ажыратуу чечимин күчүндө калтырды
04.08.2023 | 19:20
Бишкектин административдик соту 4-августта Фарходбек Алимжанов жана Фархат Исмаиловго карата өкүм чыгарды.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы жасалма диплому үчүн Алимжановду жана Исмаиловду депутаттык мандатынан ажыраткан. БШКнын чечимине макул болбогон эки депутат сотко арыз менен кайрылышкан.
Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, административдик сот БШКнын 6-июлдагы токтомун жараксыз (мыйзамсыз) деп табуу өтүнүчү боюнча Алимжановдун жана Исмаиловдун доо арыздарын канааттандырган жок.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду мандатынан ажыраткан. Ага жасалма диплом маселеси себеп болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом