Кара-Суудагы талаада жаш жигит тонолгон. Шектүүлөр кармалды

Кара-Суудагы талаада жаш жигит тонолгон. Шектүүлөр кармалды

Оштун Кара-Суу районунда тоноого шектелип эки жаш жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 23-июль күнү райондук милицияга Ош шаарынын 19 жаштагы М.Б. аттуу тургуну кайрылган. Ал билдиргендей, 22-июлга караган түнү Кең-Сай айылындагы талаада белгисиз жарандар аны коркутуп, уруп, iPhone 12 Pro телефонун, паспортун, 2 миң сом акчасын жана башка документтерин тартып алышкан. Ага 80 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө  шектүү катары Ош шаарынын 18 жаштагы Б.Т. жана 20 жаштагы М.Д. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>