Бишкектин айрым райондорунда 28-августта суу өчүрүлөтКитеп сатып албагыла! Жаңы окуу китептери мектептерге таратылатСентябрдан тарта Каракол – Алматы багытында автобустар каттай баштайтАльпинизм. Чокудагы биз билбеген кызыктар“Кыргызфильм” киностудиясына жаңы жетекчи дайындалдыМинистрлер кабинети күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырды
Кыргызстандык оор атлетчилер дүйнөлүк чемпионатка катышат
05.09.2023 | 23:14
Кыргызстандык спортчулар Сауд Арабияда өтө турган оор атлетика боюнча дүйнө чемпионатына катышат.
Турнир 3-18-сентябрда Эр-Риядда өтөт.
Кыргызстандын курама командасына Эмил Молдодосов (89 килограммга чейин) жана Бекдөөлөт Расулбеков (102 килограммга чейин) кирди, алар машыктыруучулар Өмүржан Молдодосов менен Камбар Токтоналиевдин жетекчилиги астында өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
Дүйнө чемпиондугуна даярдыктын алкагында Кыргызстандын курамасы 20-августтан 3-сентябрга чейин окуу-машыгуу жыйынын өткөрдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт