Кыргызстан менен Түркиянын акыйкатчылары кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Түркиянын акыйкатчылары кызматташууну күчөтөт

Бишкекте акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана Түркиянын башкы акыйкатчысы Шереф Малкоч адам укуктарын коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Документте Кыргызстан менен Түркиянын Акыйкатчы институттарынын ортосунда адам укуктарын коргоо боюнча жалпы таанылган принциптер жана эл аралык нормаларга ылайык биргелешкен иш-аракеттер каралган.

«Түркияда учурда 35 миңге чукул кыргызстандык жашап, эмгектенип жүрүшөт. Анын ичинен 6 миңден ашууну иштөөгө уруксат алышкан. 30га чукул адам жабык жайларда кармалып жатышат. Башкача айтканда, Түркия мамлекетиндеги жарандарыбыздын укуктарынын корголушуна дагы көңүл буруу бүгүнкү күндүн талабы болууда», — дейт Жаманбаева.

Акыйкатчылар Түркиядагы Кыргызстандын жана Кыргызстандагы Түркиянын жарандарынын укуктары жана эркиндиктери бузулган белгилүү учурлар жөнүндө өз маалында бири-бирине маалымат берүүнү макулдашкан.

Шереф Малкоч аталган документ Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын укуктарын сактоону камсыздоо боюнча кызматташтыкты күчөтөт деген оюн айтты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>