Бишкекте өспүрүм чуңкур казып жатып, анын ичине кулап түшкөн

12.09.2023 | 10:56

Бишкектеги Ак-Ордо-1 конушунда 17 жаштагы өспүрүм чуңкурга кулап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 11-сентябрда болгон. “112” кызматына 2006-жылы туулган М.Р. аттуу жаран үйүнүн короосунда чуңкур казып жатып, анын ичине кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, алар өспүрүм баланы чуңкурдан алып чыгып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.

Маалыматка ылайык, өспүрүмдүн абалы канааттандырарлык.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top