Кыргызстан менен Пакистан соода жүгүртүүнү 200 млн долларга жеткирүүнү пландоодо243 млрд сом кайдан? Бекешев Кыргызстандын 2026-жылкы бюджетин кайра кароо тууралууОш базарында жапайы канаттууларды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталдыЧикагодо Кыргызстандан чыккандар технологиялык стартаптардын сынагын уюштуруштуКыргызстандагы банктардын кредиттик портфели тогуз айда 29,9%га өстүЧүйдө унаа жолго сапатсыз асфальт төшөлгөн. Ишканага жолду кайра жасоо тапшырылды
Бишкекте өспүрүм чуңкур казып жатып, анын ичине кулап түшкөн
12.09.2023 | 10:56
Бишкектеги Ак-Ордо-1 конушунда 17 жаштагы өспүрүм чуңкурга кулап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 11-сентябрда болгон. “112” кызматына 2006-жылы туулган М.Р. аттуу жаран үйүнүн короосунда чуңкур казып жатып, анын ичине кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, алар өспүрүм баланы чуңкурдан алып чыгып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.
Маалыматка ылайык, өспүрүмдүн абалы канааттандырарлык.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом