Жалал-Абад: Милиция жарандарды уурулардан сак болууга чакырат

Жалал-Абад: Милиция жарандарды уурулардан сак болууга чакырат

Жалал-Абад облусутук милициясы жарандарды батир жана чөнтөк уурулуктарынан сак болууга чакырган видеоролик даярдады.

Видеороликте чөнтөк уурулуктары көбүнчө соода жана мал базарларда, коомдук транспорттордо катталаары белгиленет.

«Буга байланыштуу таксиге же коомдук транспортко түшкөн учурда телефон, акча, алтын буюмдарды бекем кармап, өзүӊүздөргө сак болуӊуздар. Ошондой эле автоунаадан түшүп бара жатканда бардык буюмдарды алып түшүүнү унутпаӊыз. Унутуп калтырылган буюмдар уурулардын оӊой олжосуна айланат.

Ал эми мал базарда жүргөн учурда акчаӊызды сөзсүз түрдө ички чөнтөккө же бекем сумкага салуу сунушталат. Сырткы чөнтөктөгү акчаны алууга мал базардагы адам жана малдардын көптүгүнөн жаралган тыгын ыӊгайлуу шартты түзөт», — деп белгилейт милиция.

Милиция эл көп топтолгон жайларда, базарларда сумкадагы же чөнтөктөгү буюмдарга сак болуп, айлана-тегерегиңизге байкоо сала жүрүү керектигин эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>