Онкологиялык бейтаптар химиотерапияны отуруп алууга мажбур — ДжаманбаеваСыргак Кенжебаев массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип кармалдыТергөөдөгү мыйзам бузуулар боюнча эң көп арыз ИИМге түшкөн — АкыйкатчыКыргызстанда жеке маалыматтарды сыртка чыгарып жибергендер үчүн 140 миң сомго чейин айып пул салындыКыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта студенттердин стипендиялары көбөйтүлөтСадыр Жапаров чек арачыларга 30 млн сом бөлүп, Ошто аскердик комплексти ачты
Бишкекте аял кишинин iPhone’ун жана акчасын уурдоого шектүү кармалды
12.09.2023 | 10:20
Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 31-августта милицияга Т.А. аттуу аял кайрылып, 26-авугстта болжол менен саат 15:00до белгисиз адам сумкасынан 50 миң сомдук iPhone XS телефонун жана 5 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 33 жаштагы Ю.Р. аттуу жаран кармалган. Ал райондук милициянын Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз