Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун негизги жумуштары дээрлик аяктады
Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун негизги иштери дээрлик жыйынтыкталды. Бул тууралуу “Улуттук электр тармактар” ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 1 миң 243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү бетондоо (100%) иштери аяктаган. Тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100% аткарылып, 1 миң 243 тирөөч орнотулган. Ошондой эле 287,45 чакырым (63%) зым тартылган. .
Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбор Азия менен Түштүк Азиянын – Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.
[image_carousel source=”media: 197799,197800,197801″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз