Парламент Мадумаровдун ишин иликтөө үчүн комиссия түзүүнү колдогон жок

Парламент Мадумаровдун ишин иликтөө үчүн комиссия түзүүнү колдогон жок

Бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун кармалышынын жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү сунушталды.

Аталган маселени «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидеринин орун басары, депутат Гуля Кожокулова көтөрдү.

Андан кийин парламенттеги фракциялар комиссияга бирден депутатты сунуштады. Бирок «Мекенчил» тобу жана «Ата-Журт» фракциясы алардан комиссияга эч ким мүчө болбой тургандыгын билдирди.

Комиссияга «Альянс» фракциясынан Жанар Акаев, «Ыйман Нурунан» Султанбай Айжигитов , «Ынтымактан» Шарапаткан Мажитова, «Элдик» топтон Жалолидин Нурбаев, «Ишенимден» Айсаракан Абдибаева, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Гуля Кожокулова сунушталды.

Комиссияга сунушталгандардын саны 6 болуп, 7ге жетпегендиктен, төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев комиссия түзүү үчүн анын мүчөлөрүнүн саны 7 болушу керектигин айтып, болбосо комиссия түзүлбөй тургандыгын билдирди. Ал парламенттин регламентинин тиешелүү беренесин да окуп берди.

Ага байланыштуу депутат Дастан Бекешев комиссиянын мүчөлүгүнө жетинчи болуп өзүн көрсөттү.

Андан кийин комиссия түзүү тууралуу токтом парламенттин добушуна коюлуп, бирок ал жетиштүү добуш ала албай, сунуш өткөн жок. Комиссия түзүүгө 40 депутат макул, 11 депутат каршы добуш берди.

Нурбек Сыдыгалиев белгилегендей, токтом добуштан өтүшү үчүн кеминде 46 депутат макулдугун бериш керек.

«Бул деген токтом. 46 добуш менен өтүш керек. Добуштан өткөн жок, — деди Сыдыгалиев.

Эскерте кетсек, 2-сентябрда Адахан Мадумаров милиция тарабынан кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып кеткен. Мадумаров 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча (Төрт-Көчө боюнча) протоколго байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча кармалган. Буга чейин 22-июнда парламент Мадумаровду «бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартууга макулдук берген. Бирок кийинчерээк аталган берене «мамлекеттик чыккынчылык» беренесине өзгөртүлгөнү 2-сентябрда белгилүү болду.

Мадумаров кармалган күнү депутат Гуля Кожокулова журналисттерге, буга чейин парламент Мадумаровду «бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча гана кылмыш жоопко тартууга макулдук бергенин, бирок азыр тергөө кызматы Мадумаровго «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча айып тагып жатканын айтып, берененин өзгөртүлүшү боюнча бир катар суроолор, анын ичинде юридикалык суроолор, дал келбестиктер бар экенин билдирген.

6-сентябрда парламенттин жыйында Кожокулова 2022-жылы Жогорку Кеңеш Мадумаровду «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартуудан баш тартканын жана тиешелүү токтом азыр да күчүндө экенин айткан. Башкача айтканда, укук коргоо органдарында Мадумаровду «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси жоопко тартууга парламенттин макулдугу жок экенин белгилеген.

Ошондой эле Кожомкулова ИИМ кызматкерлери Мадумаровду кармаганда, саясатчынын 13 жаштагы уулун да кармап кетип, аны ИИМдин тергөө абагында 3 саат кармап отурганын билдирип, укук коргоо органдарынын иш-аракетин сындаган.

Мадумаров УКМКнын тергөө абагына 24-октябрга чейин камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>