Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Айпери Медет кызы алтын үчүн күрөшөт. Анын атаандашы ким?

Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Айпери Медет кызы алтын үчүн күрөшөт. Анын атаандашы ким?

Бүгүн, 20-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) алтын үчүн күрөшөт. Бул беттеште Айпери Медет кызы япониялык Юка Кагами менен күч сынашат.

Reporter.kg Айпери Медет кызы менен Юка Кагаминин спорттогу жетишкендиктери тууралуу азыноолак сөз кылат.

Айпери Медет кызы 24 жашта. Ал 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында коло байге уткан. 2022-жылы Азия чемпиону болгон. 2020, 2021 жана 2023-жылы Азия чемпионатынын күмүш байгесин алган.

Ошондой эле, 2020-жылы дүйнө кубогунда, 2021-жылы дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынган. 2021-жылы 23 чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатын жеңген.  Андан тышкары ал бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси.

Юка Кагами 22 жашта. Ал 2018-жылы жаш уландар арасындагы Олимпиада оюндарында коло байге уткан. 2019-жылы Азия чемпиону болгон. Ошол эле жылы 23 чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган. 2022-жылы Азия чемпионатынын күмүш байгесине ээ болуп, дүйнө чемпионатында коло байгеге татыган.

Буга чейин Айпери Медет кызы менен Юка Кагами бир ирет беттешкен. Ал 2022-жылы Азия чемпионатынын финалында болуп, Айпери Медет кызы атаандашын жеңип алган.

Эскерте кетсек, финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00до башталат. Беттешти УТРК Спорт каналынан түз эфирде көрүүгө болот.

Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, Кыргызстан үчүн Париждеги Олимпиада оюндарына биринчи лицензияны алганын белгилей кетүү керек.

Видео: Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, көзүнө жаш алды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>