Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун негизги жумуштары дээрлик аяктады

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун негизги жумуштары дээрлик аяктады

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун негизги иштери дээрлик жыйынтыкталды. Бул тууралуу «Улуттук электр тармактар» ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 1 миң 243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү бетондоо (100%) иштери аяктаган. Тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100% аткарылып, 1 миң 243 тирөөч орнотулган. Ошондой эле 287,45 чакырым (63%) зым тартылган. .

Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбор Азия менен Түштүк Азиянын — Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>