Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) чейрек финалга чыкты.
Ал таймашты 1/16 финалдан баштап, перулук Янет Соверо менен күрөштү. Бул беттеште Жуманазарова атаандашын 10:0 эсебинде жеңип алды.
Андан кийин 1/8 финалда украиналык Татьяна Рыжкону 5:2 эсебинде утту.
Эми Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыгуу үчүн япониялык балбан кыз менен беттешмекчи.
Дүйнө чемпионаты: Жуманазарова биринчи атаандашын 10:0 эсебинде утту (видео)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз