Нарындагы ашууда жоголгон Беларус жараны аман-эсен табылды

Нарындагы ашууда жоголгон Беларус жараны аман-эсен табылды

Нарындагы ашууда жүк ташуучу унаасы менен жолдо калып, дайынсыз болуп жаткан Беларустун жараны аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Белгилүү болгондой, 19-сентябрда ӨКМге Кочкор районунда Бишкек – Нарын — Торугарт жолунун болжол менен 275-чакырымында (Калмак-Ашуу ашуусу) MAN жүк ташуучу унаасы ашуудан чыга албай, жолду тосуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Саат 23:15те жерине 3 куткаруучу барган. Бирок куткаруучулар барган учурда токтоп турган унаанын айдоочусу жок болуп чыккан.

Куткаруучулар издөө иштерине киришкен. Кийинчерээк ошол аймакта башка иштер менен жүргөн ӨКМдин тик учагы Беларустун жаранын издөөгө тартылган. Натыйжада изделип жаткан жаран 20-сентябрда саат 11:00 чамасында Соң-Көл жайлоосунан табылган. Жарандын абалы канааттандырарлык.

«Учурда куткаруучулар ашууда калган жүк ташуучу унаанын бузулган тетигин оңдоого жардам берүүдө», — деп билдиришти министрликтен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>