Бишкекте балдардын коопсуздугу боюнча ата-энелер чогулуштары өттүЖапаров Жети-Өгүз жана Тоң тургундарынын кайрылууларын кароону тапшырдыЭркин Болжуров — фотография, кино, президенттер жана живописке кайтуу жөнүндөОшто жеке үйдөгү өрттөн үч бала каза болду, алардын атасы ооруканадаУлуттук банк жасалма QR-коддор менен алдамчылык тууралуу эскерттиКыргызстанда бизнести санитардык текшерүүнү 2028-жылдан тарта видеого тартуу сунушталууда
Жуманазарова дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты
20.09.2023 | 18:32
Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) чейрек финалга чыкты.
Ал таймашты 1/16 финалдан баштап, перулук Янет Соверо менен күрөштү. Бул беттеште Жуманазарова атаандашын 10:0 эсебинде жеңип алды.
Андан кийин 1/8 финалда украиналык Татьяна Рыжкону 5:2 эсебинде утту.
Эми Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыгуу үчүн япониялык балбан кыз менен беттешмекчи.
Видео: Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, көзүнө жаш алды
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом