Конституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жокӨкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылдыОш мэриясы: мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетери айтылган маалыматтар жалганКыргызстандын Айыл чарба министрлиги ЕАЭБ менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнү аяктоодоЕАЭБде фитосанитардык сертификаттарды берүү эрежелери катаалдаштырылдыКыргызстандын жана Тажикстандын телекоммуникациялык компаниялары максаттуу киберчабуулдарга кабылды
Беш айда Ысык-Көлдөн 16,7 тонна таштанды чыгарылды (видео)
21.09.2023 | 21:00
Ысык-Көлдү тазалоонун 156-күнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары көлдүн астынан 16 721 кг таштанды, 103 950 метр балык уулоочу тор чыгарышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, соңку апта ичинде Чолпон-Ата шаарындагы «Бакыт» жана «Көгүлтүр Ысык-Көл» пансионаттары эки жолу тазаланып, андан соң суучулдар көлдүн түштүк тарабындагы Тоң районунун Кара-Шаар, Кара-Талаа, Ак-Сай айылдарына караштуу көл астын тазалоого жетишти.
Жалпы 2023-жылдын 12-мартынан башталган иш-чара бүгүнкү күнгө чейин көл бетинен 246 283,5 гектар аянты ар түрдүү таштандылардан арылды.
Учурда Ысык-Көлдүн түштүк тарабын тазалоо иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом