Кулак-мурду кесилген келиндин күйөөсүн сот пробацияга бошоткон

Кулак-мурду кесилген келиндин күйөөсүн сот пробацияга бошоткон

Чүйдүн Селекция айылында аялынын кулагын жана мурдун кесип салган деп шектелген жаран буга чейин зордуктоо фактысы боюнча беш жылга эркинен ажыратылып, кийинчерээк ага карата үч жыл пробациялык  мөөнөт белгиленген. Бул тууралуу Жогорку соттон маалымдашты.

Маалыматка караганда, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков бычакталган келиндин иши боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде маалым болгондой, Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун 2022-жылдын 19-октябрдагы токтому менен А.Э карата жабырлануучу А.Н. зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иш жабырлануучунун жазуу түрүндө берген тосмо арызынын, мындан тышкары жабырлануучу сот отурумунда айыпталуучу менен элдешкендигине жана ага карата доосу жоктугу ырасталгандан кийин кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган. Аталган токтом эч ким тарабынан даттанылбай мыйзамдуу күчүнө кирген.

«Айыпталуучу А.Э.ге карата дагы бир кылмыш иши Чүй облусунун Сокулук  райондук сотуна түшкөн. Айыпталуучу зордуктоо фактысы менен  беш жылга эркиндигинен  ажыратылган. Ошол эле учурда сот айыпталуучунун  улгайган көзү азиз апасы бар экендигин, ал кароого муктаж экендигин, ошондой эле айыпталуучу менен жабырлануучунун ортосунда  эки бала бар экендигин эске алып, Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде пробациялык көзөмөлдү колдонуп, ага карата үч жыл пробациялык  мөөнөт белгиленген», — деп айтылат маалыматта.

Аталган ведомстводон билдиришкендей, жабырлануучу бул чечимге макул болбой, апелляциялык даттануу  менен Чүй облустук сотуна  кайрылган. Соттук иш 2023-жылдын 27-сентябрына белгиленген. Жыйынтыгы боюнча судьянын аракеттерине өзгөчө катуу баа берилет.

Чүйдө мурдагы күйөөсүнөн жабыркаган аялдын ишин министр көзөмөлгө алды, — ИИМ

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>